Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Экстремисттик уюмдардын саны кайра такталат


Өкмөт башчы Темир Сариев Ички иштер министрлигине экстремисттик деп эсептелген уюмдардын жана топтордун тизмесин алдыдагы жыйырма күн ичинде кайра тактап чыгуу тапшырмасын берди. Жума күнү өкмөт үйүндө 2015-2020-жылдар аралыгында дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу планынын аткарылышы талкууланды.

Аталган концепция 2014-жылдын күзүндө кабыл алынган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевдин айтымында, жагдай соңку кездери дагы татаалдашып, диний билим берүүчү мекемелерде, айрыкча медреселерде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы жаралганын белгиледи.

Кыргызстанда ондон ашуун диний уюмдар экстремисттик деп табылган. Акыркы жылдары алардын тузагына илинген жаштар арасында Сирия жана Иракка согушка кеткендер саны 300дөн ашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG