“Азаттыктын” кабарчылары билдиргендей, жума күнү кечинде электр энергиясына бааны кымбаттатууга каршы нааразылыкка чыккан 20 миңдей адам менен полиция ортосунда тиреш курчуду. Демонстранттардын лидерлери эгер акция тынч уланса, митинг болуп жаткан жерге милицияны жолотпоо тууралуу бийлик берген убадасын аткарбай жатканын сындап чыгышты.
Кырдаалга байланыштуу 26-июнь күнү президент Серж Саргсян менен өкмөт башчы Абрамян талкуу өткөргөндөн соң демонстранттар турган жерди күч кызматкерлери курчап алган.
Арменияда электр баасынын кымбатташына каршы акция дээрлик бир жумадан бери уланууда. 23-июнда нааразылыкка чыккандарды таратуу үчүн полиция резина таяктар менен суу чачуучу унааларды колдонгон. (SE)