Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:42

АКШдан Кувейтке жөнөгөн учак шашылыш Лондонго конду


Нью-Йорктон Эль-Кувейт шаарына багыт алган учак бүгүн шашылыш түрдө Лондондогу Хитроу аэропортуна конду. Бул тууралуу Sky News телеканалы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, учакта чукул кырдаал жарыяланып, Люксембург менен Германия чек арасынын үстүндө багытын өзгөрткөн жана Британияга багыт алган. Анын себеби азырынча маалым эмес.

Бир күн мурда Кувейттеги мечитте жардыруу болуп, ондогон жарандар каза тапкан болчу. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG