Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Өкмөт Германия менен кызматташтыкты жандантат


Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль ишемби күнү эки тараптуу сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү максатында уюштурулган жыйында билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу июлда Бишкек шаарында өтөт.

Дилдин айтымында, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу солгун. Учурда аны жандандыруу боюнча бир катар долбоорлор даярдалды. Арасында электр энергиясын өндүрүү, мал жана айыл чарбасы тармагындагы кызматташуулар бар. Ошондой эле социалдык коргоонун немисче стандартын колдонуу жаатында да усулдар иштелип чыккан.

Кыргыз-немис сүйлөшүүлөрүнө Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү министрлигинин өкүлү Марион Эдель баштаган топ келет. (SE)

XS
SM
MD
LG