Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Багдаддагы жарылуу он адамдын өмүрүн алды


Ирак баш калаасы Багдад шаарында 27-июнь күнкү жарылуулар кеминде 10 адамды апаат кылды. Алгач унаа тетиктерин саткан дүкөндүн жанында машине жарылып, беш адам каза болду жана 13 киши жараат алды. Анын артынан эле жер-жемиш саткан эки базарда бомба жарылып, беш кишинин өмүрү кыйылды.

Мурдараак өкмөт башчы Хайдар ал-Абади күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Баас” партиясынын лидерлеринин бири Абдил Баки ил-Садун кармалганын жарыялаган эле. Ал 2003-жылы Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан бери издөөдө болчу. Маалыматтарга караганда, ал-Садун 1991-жылкы шиит мусулмандарына жасалган кыргында негизги роль ойногондордун бири. (SE)

XS
SM
MD
LG