Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

АКШда жүк ташуучу ракета кыйрады


Ракетанын аба мейкиндигинде кыйраган учуру. 28-июнь, 2015-жыл. АКШ.
Ракетанын аба мейкиндигинде кыйраган учуру. 28-июнь, 2015-жыл. АКШ.

Авария жекшемби күнү Флоридадагы космодромдо, ракета абага көтөрүлгөндөн соң болду. "Фэлкон-9" үлгүсүндөгү учуучусу жок ракета Эл аралык космостук станцияга жүк алып чыгышы керек болчу. Эки тоннадай жүктүн арасында эксперимент үчүн жабдыктар, өндүрүш товарлары бар эле.

Американын НАСА космостук агенттиги билдиргендей, ракетанын бөлүктөрү Атлантика океанына түшкөн.

Жаз айларында Тынч океандын үстүндө Орусиянын “Прогресс” деп аталган жүк ракетасы да кыйраган. Ал эки жарым тонна жүк менен учуп бараткан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG