Ош шаарын заманбап деңгээлде өнүктүрүүгө арналган урбан-форум 3-4-июль күндөрү өтөт. Иш-чарага АКШдан жана Орусиядан эксперттердин келери күтүлүп жатат. Алар буга чейин Алматы шаарын өнүктүрүү долбоорунда иштеген адистер экендигин уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлады.
Форумда шаардын башкы планы, азыркы көйгөйлөрдү чечүү жолдору тургундардын катышуусунда талкууланат. Күн тартибин белгилөө үчүн эл арасында сурамжылоолор жүргүзүлүп, негизги деп эсептелген маселелер аныкталган.
Урбан-форумду бир катар бейөкмөт уюмдар калаа мэриясы менен бирге "Сорос-Кыргызстан" фондунун көмөгү аркылуу уюштурууда. (SE)