Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Активисттер газ баасын көтөрбөө талабы менен акцияга чыгат


Жарандык коом өкүлдөрү газ баасын көтөрбөө талабы менен митинг уюштурмакчы. Ал Ак үй алдында өтөрүн “Азаттыкка” кабарлашты.

Өткөн жумада «Газпром Кыргызстан» компаниясы көгүлтүр отундун баасын кымбаттатууну сунуштаган. Анда тарифти баскыч-баскычы менен, он жыл бою ай сайын 3-5% көтөрүү керектиги айтылган болчу.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасы карызга батып кетти деген жүйө менен аны Орусиянын "Газпромуна" 1 долларга карызы менен кошо 2014-жылы сатып, "Газпром Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG