Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Лейлекте сел жолду жууп кетти


Жекшемби күнү кечке жуук жааган нөшөрлүү жаандан улам Баткендин Лейлек районунда сел жүрүп, Коргон-Катран-Баул унаа жолунун 70 метр жерин жууп кетти. Анын айынан унаа каттамы үзгүлтүккө учураганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Чарбак-Сай айылында да бир жарым чакырымдан ашуун ички чарбалык жолдорду сел жууган. Коргон айылында элди таза жана сугат суу менен камсыздаган эки латокту суу агызып кеткен.

Райондук транспорт кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG