Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 28-июнь күнү “Акжол-автожол” өткөрмө бекетинде Орусиянын жараны кармалды. Ал башка бир Кыргызстандын жаранына таандык чет элдик паспорт менен кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Колго түшкөн жаран тийиштүү документтер толтурулган соң УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (AzK)