Азербайжанда өткөн Биринчи Европа оюндары кечээ расмий жыйынтыкталды. Жабылыш салтанатына 17 өлкөдөн 1600 ыктыярчы катышты. Уюштуруучулар шоу учурунда 10 миң пиротехникалык каражатты колдонуп, аны орнотууга эле 5 сааттан ашык убакыт кеткенин маалымдашты. Салтанатты стадиондогу 68 миң көрүүчү жана 800 миллион адам сыналгы аркылуу көрө алышты.
Алгачкы Европа оюндары 12-июлда башталган. Жалпы жыйынтыкта Орусия 79 алтын медаль менен биринчи орунга жайгашты. Оюндун ээлери Азербайжан экинчи орунду 21 алтын менен камсыз кылса, Британия 18 алтын медалды жеңе алды. (SJu)