Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Еврокомиссия Греция боюнча жаңы сунуштарды даярдайт


ЕБдин экономика боюнча өкүлү Пьер Московиси кабарлагандай, бүгүн Еврокомиссия Грециядагы каржы кризисин чечүү багытында сүйлөшүүлөр учурунда жаңы сунуштар менен чыгат.

Бүгүн Германия менен Франциянын лидерлери Грециядагы дефолтту алдын алуу үчүн чукул жыйынга чогулат.

Өкмөт башчы Алексис Ципрас эсептерден акча чыгарууга жол бербөө максатында өлкөдөгү банктардын ишин ушул жума токтото туруу зарылдыгын жарыялаган. Мындай чечим чет элдик кредиторлор мамлекеттин карызын төлөө мөөнөтүн узартуу сунушуна макул болбой койгондугуна байланыштуу кабыл алынды. Ципрастын банктарды убактылуу жабуу боюнча күтүүсүз чечиминен соң жарандар шашылыш түрдө аманат-кассалардагы каражаттарын чыгарып кете баштады.

Афины 30-июнга чейин Эл аралык валюта коруна 1 миллиард 700 миллион доллар карызын бериши керек. Төлөм мөөнөтүн узартуу сунушу кредиторлор тарабынан кабыл алынган эмес.

Грецияда 5-июль күнү чукул референдум өтөт. Анда жарандар өлкөнүн Европа биримдигинен чыгышына пикирлерин жана мамлекет үчүн дагы карыз алууга макул же каршы экендиктерин билдиришет. (ErN)

XS
SM
MD
LG