Азиялык инфраструктуралык инвестициялар боюнча банктын ишин жөнгө алчу макулдашууга кол коюу үчүн Кытайдын борборуна 57 мамлекеттин өкүлдөрү чогулду.
“Анын ичинде Кыргызстан жана Британия да бар” деп кабарлайт “Би-Би-Си”. Банк өткөн жылдын октябрь айында Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн. АКШ менен Жапония бул долбоорду Кытайдын «жумшак күчүн» жайылтуунун бир көрүнүшү катары баалап, структурага кирүүгө баш тартышкан. Расмий Бээжин болсо, инфраструктуралык банк Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду же Азия өнүктүрүү банкы менен атаандашпай турганын белгилейт.
Жаңы мекеме Азиядагы инфраструктуралык мекемелерди каржылоо, анын ичинде жол салуу жана аэропортторду куруу боюнча долбоорлорду каржылайт.
Кыргызстан ушул жылдын 14-апрелинде Азиялык инфраструктуралык инвестициялар боюнча банктын мүчөсү болгон. (ErN)