Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Грециядагы кризиске тушташ Азиялык каржы базары төмөндөөдө


Грециянын дефолтко кабылуу коркунучунан, карыздарын төлөй албай евро мейкиндиктен чыгат деген чочулоолордон улам Азиялык каржы базары кескин төмөндөп кетти.

Шанхайдын каржы рыногу 29-июнга карата ачылышында 7 пайызга, жабылышында 3,5 пайызга төмөндөдү. Токиодо соода 3 пайызга чейин азайды, Гонконгдо болсо рынок 3,6 пайызга чейин чөккөн.

Азиядагы соода тармагында евро - $1.10го түштү.

Еврокомиссия Грециядагы каржы кризисин чечүү багытында сүйлөшүүлөр учурунда жаңы сунуштарды кароосу күтүлүүдө. Бүгүн Германия менен Франциянын лидерлери Грециядагы дефолтту алдын алуу үчүн чукул жыйынга чогулат.

Өкмөт башчы Алексис Ципрас эсептерден акча чыгарууга жол бербөө максатында өлкөдөгү банктардын ишин ушул жума токтото туруу зарылдыгын жарыялаган. Мындай чечим чет элдик кредиторлор мамлекеттин карызын төлөө мөөнөтүн узартуу сунушуна макул болбой койгондугуна байланыштуу кабыл алынды. Ципрастын банктарды убактылуу жабуу боюнча күтүүсүз чечиминен соң жарандар шашылыш түрдө аманат-кассалардагы каражаттарын чыгарып кете баштады.

Афины 30-июнга чейин Эл аралык валюта коруна 1 миллиард 700 миллион доллар карызын бериши керек. Төлөм мөөнөтүн узартуу сунушу кредиторлор тарабынан кабыл алынган эмес. (ErN)

XS
SM
MD
LG