Кыргызстанда 30-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17....22, күндүз 32....37
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15....20, күндүз 31....36
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18....23, күндүз 33....38
Баткен облусунда түнкүсүн 15....20, күндүз 30....35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9....14, күндүзү 20....25
Нарын облусунда түнкүсүн 8....13, күндүз 21....26
Бишкекте 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 18....20 градус, күндүз 34....36 градус болот. (AzK)