Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Коогада жабыркагандар үчүн курулган батирлер менчиктештириле баштады


Жалал-Абад шаарында 2010-жылы Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция июнь коогалаңынын жабырлануучулары үчүн куруп берген батирлер менчиктештириле баштады. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков билдирди.

Калаада 240 батирлүү 3 көп кабаттуу үй курулган. Алар кооганын жабырлануучуларына берилип, шаардын балансына өткөрүлүп берилген. Тургундар батирлерде ордердин негизинде жашап келишкен. Эми өкмөттүн токтомуна ылайык, батирлер ээлерине менчиктештирилип, көп кабаттуу үйлөрдө өзүнчө кондаминиумдар түзүлө баштады. (RsK)

XS
SM
MD
LG