Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 2010-жылдан бери аткарылган иштер тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП 14 пайыздан көбүрөөк добуш алып, 25 мандатка ээ болгон.
Апрель ыңкылабынан кийинки эки президент - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев аталган партиядан чыккан. (SE)