Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Жалал-Абадда жер сатууга бир жарым жылдык мораторий жарыяланды


Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү
Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү

Шаар аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке адамдарга сатууга 2016-жылдын соңуна чейин тыюу салынды. Мындай чечим шаар бийлигинин азайып бараткан жерлерди сактап калуу максатындагы сунушу менен 29-июнда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды. Ал 1-июлдан тарта күчүнө кирерин шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов “Азаттыкка” билдирди.

- Бирок калаага көп кабат имарат же бала бакча, мектеп курууну сунуштаган инвесторлор үчүн токтом роль ойнобойт. Аларга жер сатууга уруксат берилет.

Жалал-Абад шаардык кеңеши өткөн жылы да бир жылдык ушундай мораторий киргизген болчу. Учурда шаар аймагында 3 гектарга жакын гана жер тилкелери калган. (RsK)

XS
SM
MD
LG