Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

ИМ согушкерлери Сирияда эки аялдын башын алды

Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүүчү уюмдун 30-июнда билдиришинче, эки аял жана алардын күйөөлөрү “бакшылык кылат” деп айыпталган. Жихадчылар эки аялды жана алардын күйөөлөрүн 28-29-июнь күндөрү Сириянын чыгышындагы Дейр эл-Зор провинциясында өлтүрүшкөн.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу туткундарды мыкаачылык менен, ал эми никесиз жыныстык катнашка барды деп шектелген аялдарды ташбараңга алып өлтүргөнү менен таанымал.

​
XS
SM
MD
LG