Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Илмияновдун "Вечерний Бишкек" боюнча арызын кароо 6-июлга калды


Бул туурасында “Азаттыкка” Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков билдирди. Анын айтымында, алар материалдар менен таанышууга соттон убакыт сурашкан. Кийинки сот отуруму 6-июлда болот.

Быйыл 30-апрелде "Вечерний Бишкек" медиахолдингине караштуу kabarordo.kg сайтында "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү Уран Ботобеков менен маек чыккан. Анда айтылган айрым ойлорго байланыштуу Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов сотко берип, "ар-намысыма, беделиме жана репутацияма шек келтирди" деп 5 миллион сом доо талап кылууда.

Сот жообуна "Вечерний Бишкек" басылмасы, Уран Ботобеков жана маекти уюштурган кабарчы тартылууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG