30-июнда Санкт-Петербургда Шанхай кызматташтык уюмунун коргоо министрлеринин жолугушуусу ачылат. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымдашынча, жыйында 2016-17-жылдардагы өз ара кызматташуунун жолдору талкууланат жана министрлер 30-июнда тийиштүү планга кол коюшат. Андан тышкары министрлер эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алышат. Жыйынга уюмга мүчө алты өлкө: Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажисктан, Өзбекстандын коргоо министрлери катышат.
ШКУнун коргоо министрлери кызматташуу планына кол коюшат
