Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Ошто курал сатмакчы болгон жаран кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, курал сатууга ниеттенип жүргөн Өзгөн районунун тургуну кармалды.

Маалыматка караганда мыйзамсыз курал сактоого шектүү жарандын үйүн тинткен учурда бир даана Калашников автоматы дүрмөтү жана сегиз даана огу менен үйдүн чатырынан табылган. Үйүнөн курал табылган жаран мурда төрт жолу соттолгон болуп чыкты. Ал Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды. 2010-жылдагы апрель жана Ош окуяларында жоголгон куралдардын 600дөн ашууну кайтарыла элек.(YI)

XS
SM
MD
LG