Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Бишкектин борбордук райондорунда 1-июлда суу болбойт


Мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкектин борбордук райондорунда 1-июлда саат эртең мененки тогуздан кечки саат бешке чейин суу болбойт. Суу Бөкөнбаев көчөсү, Манас, Чүй проспектиси жана Калык Акиев атындагы көчөнүн кесилишкен аймактарындагы райондордо болбойт.

“Бишкексууканал” ишканасы Бөкөнбаев-Шевченко көчөлөрүнүн кесилишиндеги авариялык абалды жөндөө үчүн сууну өчүрүүдө жана ал шаар тургундарын, ишкана, мекемелерди убактылуу суу толтуруп алууга чакырууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG