Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Кувейт "согуш абалында" турат


Кувейт согушчандар менен "уруш абалында турат" жана алардын өлкөдөгү шектүү жайларына сокку урат. Бул тууралуу Кувейттин ички иштер министри Шейх Мухаммед ал-Халед ал-Саба 30-июнда парламентте айтты.

Жергиликтүү медианын кабарлашынча, коопсуздук кызматтары 60 адамды камакка алган. Алардын ичинде кувейттик жана Перс булуңундагы башка мамлекеттердин жарандары бар.

26-июнда Кувейт шаарындагы шиит мечитине жасалган чабуулда 27 динзар өлгөн. Кандуу булоон үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Кувейт бийликтеринин билдиришинче, чабуул өлкөдө диний араздашууну тутандыруу үчүн уюштурулган. Кувейттин элинин көбү суннилер.

XS
SM
MD
LG