Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргыз спортчулары жайкы универсиадага жөнөп кетти


Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк 28-жайкы универсиада оюндарына катышуу үчүн кыргызстандык спортчулардын алгачкы тобу 30-июнда Бишкектен жөнөп кетишти. Кийинки курам 3-июлда кетерин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Жаштык” борборунан “Азаттыкка” кабарлашты.

Кыргызстандан бул эл аралык мелдешке жеңил атлетика, дзюдо, таэквондо WTF жана стол үстүндөгү теннис түрлөрүнөн 22 спортчу катышат. Аларды коштоп ар бир спорттун түрүнөн экиден машыктыруучу барат.

Оюндардын расмий ачылышы 3-июлда болот. Анда спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулуп, 14-июлда жыйынтыкталат. (ECh)

XS
SM
MD
LG