Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Бишкекте салыкчылар үчүн майрам уюштурулат


Мамлекеттик салык кызматы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда майрам уюштурулат. Ага бийликтин бардык бутактарынан жетекчилер катышып, салыкчыларды куттукташмакчы. Салтанат учурунда эң мыкты иштеген кызматкерлерге сыйлыктар берилет.

Кыргызстанда 64 салык мекемеси бар, аларда 2500дөй кызматкер эмгектенет.

Мамлекеттик салык кызматы 1990-жылдын 1-июлунда түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG