Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:01

Баткенде сел жолдорду жууп кетти

Баткен облусунда 30-июнда кечке жуук жааган нөшөр жаандан улам жолдорду сел жууп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кыштут айыл аймагындагы Чарбак жана Согмент айылдарын байланыштырган жолдун 8 чакырым жери зыянга учурады. Ошондой эле Баткен-Кайыңды унаа жолу, Сары-Талаа айылы менен Жаңырык кыштактарындагы ички жолдор жараксыз абалга кептелди.

Кырсык келтирген зыян такталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG