Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Бишкекте эл аралык бажы кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн борбор калаада түрк тилдүү мамлекеттердин бажы тармагындагы эл аралык кызматташуусуна арналган эки күндүк жыйын башталат. Ага бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микуриа баштаган эксперттер катышарын өкмөттөн кабарлашты.

Алгачкы күнү түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы алака-катыш талкууланат. Эртеси бүткүл дүйнөлүк бажы кызматташтыгы боюнча маселе каралат.

Эл аралык жыйынга Кыргызстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжандын бажы кызматынын башчылары жана эксперттер катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG