Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Йемендеги түрмөдөн миңден ашуун адам качып кетти


Йемендин Таиз шаарындагы түрмөдөн 30-июнда 1200дөй киши качып кеткенин, арасында “Ал-Каида” уюмуна мүчө деген шек менен камакка алынгандар да бар экенин жергиликтүү булактар кабарлады. Андан мурдараак “Ал-Каиданын” мүчөлөрү түрмөгө чабуул жасап, күч кызматкерлери менен салгылашкан.

Йеменде куралдуу кагылышуулар башталганына бир жылдай болду. Быйыл март айында хусит козголоңчулары өлкөнүн көп бөлүгүн ээлеп алып, президент Мансур Хади Эр-Риядга качууга мажбур болгон. Андан бери Сауд Арабия баштаган коалиция Йеменге абадан сокку урууну улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG