Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:45

Жалал-Абадда жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Токтогул районундагы Торкент айыл аймагында 1-июлга караган түнү саат 12 чамасында Бишкек-Ош жолунун 287-чакырымында 3 унаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен эки киши мерт болуп, беш киши жаракат алган. Куткаруучулар каза болгондорду жана жабыркагандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG