Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиришинче, 2013-жылдын ноябрь айында Улуттук онкологиялык борбордун дарылоо бөлүмүндө жана операциялык блогунда капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча тендер өткөрүлгөн.
"Бирок бул ремонт иши 2013-жылдын сатып алуу планына кирген эмес. Тендердин жыйынтыгы менен «Б.-А-К.» ЖЖК жеңүүчү деп табылып, алар ремонт иштерине 2 миллион 520 миң 749 сом каражат сунушташкан. Ошол эле учурда ПК «О.» коммерциялык кооператив 2 миллион 113 миң сом сунуштаган эле.
2014-жылдын 15-майында Улуттук онкологиялык борбор тендерди уткан компанияга каражат жоктугун эскертип, келишимди жокко чыгаруу боюнча кат менен кайрылган. Бирок 16-майда Онкологиялык борбор бул компания менен кайра мурунку шарт менен эле тендер өткөрбөстөн келишим түзгөн. Мындан тышкары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен борбор 593 тыс. 905 сом өлчөмүндө кошумча каржылоону ишке ашырган. Жыйынтыгында мамлекеттин казынасына материалдык чыгым келтирилген" деп айтылат прокуратура тараткан маалыматта.
Башкы прокуратура Онкологиялык борбордун кызмат адамдарына 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берене боюнча (Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзүү жана мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруу) кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. (AzK)