Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Жол кайгуул кызматкерлерине байланышкан чыр иликтенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди. Анын айтымында, жолдо чыккан чырга катышкан эки кызматкер Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынын кызматкерлери болгону аныктады. Ал эми дагы бир жарандын тек жайы такталууда.

28-июнда түнкү саат үчтөр чамасында Жол кайгуул кызматкерлери үч киши бараткан машинени токтотуп, өз ара чырдаша кетишкен. Чырга формасы жок дагы бир жаран киришип, машине ичиндеги балдарды коркутуп, жыйынтыгында машине менен кууп барып алардын номерин чечип алган. Коркутууга туш болгон балдар бул жаранды Жол кайгуул кызматынын штаттан тышкаркы кызматкери деп ырастоодо.

Бул окуя боюнча тартылып алынган видео интернетке чыгып, кызуу талкууга түшүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG