Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Кадырбек Эргешов кызматынан бошотулду


Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешов кызматынан бошотулду. Буга байланыштуу буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койду. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Эргешовдун ордуна буга чейин Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектеп келген Шейшенкул Бакиров дайындалды. Бүгүн өкмөт өкүлдөрү жаңы жетекчини эмгек жамааты менен тааныштырышты. Кадырбек Эргешов Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигин бир жылдан бери жетектеп келаткан.

Буга чейин Эргешовго Кыргызстан менен Австралиянын футбол курамаларынын Бишкекте өткөн беттешин уюштурууда кетирилген мүчүлүштүктөрдөн улам өкмөт башысы сөгүш жарыялаган. (Ech)

XS
SM
MD
LG