Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Жээнбеков: ЖКнын бул чакырылышы сапаттуу мыйзамдарды чыгарды


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин беш жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды. Анын маалыматына ылайык, бул убакыт аралыгында парламент 374 жыйын өткөрүп, 1140 мыйзам кабыл алган. Парламентке өлкө жарандарынан 64 миңден ашык кат келген, анын 10 миңи төраганын өзүнө жолдонгон. Жарандар негизинен мыйзамдуулук, укук тартибин камсыз кылуу, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча кайрылышкан.

Спикер бул чакырылыштагы парламенттин ишин оң баалап, сапаттуу мыйзамдар чыгарылганын белгиледи. Ошол эле кезде парламенттин иши боюнча айрым депутаттар сын көз караштарын билдирип келет. Депутат Жылдыз Жолдошева парламенттин электр энергиясына тариф, Кумтөр маселесин чечүүдө жоопкерчиликтен качканын белгилейт.

Төрага мындай пикирлерди четке кагып, Жогорку Кеңеш жоопкерчиликтен качпай, көп маселелердин ачык талкууланышына шарт түзүп бергенин белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG