Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

АКШ менен Куба элчиликтерди ачуу тууралуу макулдашты


Америка Кошмо Штаттары менен Куба 1961-жылы үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, эки өлкөнүн тең борборлорунда элчиликтерин ачууну макулдашты. АКШнын президенти Барак Обама менен мамлекеттик катчы Жон Керри бүгүн буга байланыштуу атайын билдирүү менен чыгары күтүлүүдө.

Өткөн айда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест президент Обама иш мөөнөтү аяктагыча Кубага иш сапар менен барышы мүмкүн экенин билдирген.

Элчиликтер ачылгандан кийин да АКШ менен Кубанын ортосунда элүү жылдан бери токтоп турган сооданы кайра жандандыруу үчүн Конгресстин уруксаты керек болот. Эки палатада тең көпчүлүк орунду ээлеген республикачылар тыюну жокко чыгаруу үчүн добуш бербей тургандыктарын айтышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG