Бул тууралуу Асылбек Жээнбеков парламенттин беш жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтты. Төрага балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн бачабаздарды өлүм жазасына тартуу демилгесин колдой турганын билдирди. Бирок Жээнбеков бул жазаны педофилиядан башка кылмыштарга карата колдонууга эрте экенин кошумчалады. Төраганын билдиришинче, бул маселе мыйзам жакшы иштеген, өнүккөн өлкөлөрдө да талаш-тартыштарды жаратып келатат жана туура эмес соттолуп, өлүм жазасына айыпсыз тартылган учурлар бар.
Кыргызстанда соңку жылдары балдарды зордуктаган фактылар көп катталып жаткандыктан жарандык коомдун өкүлдөрү бачабаздарды өлүм жазасына тартуу демилгесин көтөрүп, бул боюнча өлкө аймагында кол топтоо акциясын жүргүзүүдө. (AzK)