Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Финляндия Мамдуманын төрагасы Нарышкинди өлкөгө киргизбейт


Финляндия Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Сергей Нарышкинге 5-июлдан 9-июлга чейин Хельсинкидеги ЕККУнун парламенттер аралык сессиясына катышууга уруксат бербейт. Мындай чечимди кабыл алган Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамын Нарышкин Евробиримдиктин "кара тизмесине" киргени менен байланыштырды.

Орусия Крымды аннексиялаганына жана Донбасстагы жикчилдерге көмөк көрсөткөнү үчүн Европа биримдиги өткөн жылдын март айында санкцияларды киргизген. Анда айрым орус саясатчыларына, бизнесмендерине, аткаминерлерине бир топ чектөөлөр коюлган.

Орусиялык делегациянын бул жолку курамына кирген дагы беш адамга да "кара тизмеге" киргени үчүн евромейкиндиктин аймагына кирүүгө тыюу салынды. Нарышкиндин басма сөз кызматкери Евгений Чугунов буга байланыштуу маалыматы жок экенин ачыктады.

Санкиялар киргизилгенден кийин да Нарышкин Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын иштери менен Францияга үч жолу келип кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG