Кыргызстандын улуттук “Кызыл Ай” коому Катар республикасынын “Кызыл Ай” коомунун көмөгү менен муктаж үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү акциясын баштады. Аталган уюмдан “Азаттыкка” билдиришкендей, 1-5-июль күндөрү кургак учук менен ооругандарга, майыптарга, көп балалууларга жана психоневрологиялык диспансерлерге көмөк көрсөтүлөт. Тизмеде акциянын алкагында жардам ала турган 1400 үй-бүлө бар.
Муктаждарга негизинен азык-түлүк таратылат. (SE)