Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Кыргызстанда немис мамлекеттик банкынын бюросу ачылат


Германиянын мамлекеттик банкы KfW (Kreditanstalt für Wiederaufbau) уюмунун Кыргызстандагы бюросун ачуу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 1-июлда кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган уюмдун иштешине уруксат берүү жөнүндөгү мыйзам Жогорку Кеңеште 26-июнда кабыл алынган.

KfW Германияда өкмөттүн акцияларынын 80%, федералдык жерлердин 20% ээлик кылат.

Банк Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтөрү күтүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG