Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Азербайжанда ИМ тобу менен катышы бар 10 адам соттолду


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна аралашканы үчүн Азербайжанда сот 10 кишини 4 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратты. Төрт жылдык мөөнөт бойго жете электер үчүн чегерилди.

Баку сотунун төрагасы маалымдагандай, былтыр өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик тобуна кошулган 26 азербайжандык кармалган. Алар Пакистанда, Иракта жана Сирияда согушкерлерге жардам беришкени аныкталган. Көбү алгач Пакистандагы талиптердин курамында болгон, андан ары Сирияга өтүп кеткен. Кээ бирлери Азербайжанда жүрүп эле экстремисттик топтун идеясын колдоп, Түркия аркылуу кетип калышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG