Пакистан расмийлери өлкө чыгышындагы Панжаб облусунда өлтүрүлгөн төрт согушкердин арасында “ал-Каиданын” жергиликтүү жетекчиси бар экенин билдирди. Облустук кеңештин башчысы Шужа Ханзада 1-июль күнү маалымдагандай, мерт кеткен лидердин аты Абдалий.
29-июнь күнү да Ферозевала шаарындагы операция учурунда эки согушкер жарадар болуп кармалган. Алар жашырынып жаткан үйдөн көп сандагы автоматтар, ракеталык куралдар жана өзүн жардырууга ылайыкташкан курлар табылган.
Расмийлердин айтымында, согушкерлер “ал-Каиданын” Ооганстандагы лагеринде беш ай даярдыктан өтүп келген жана Пакистандагы жарандык тыңчылык агенттиги жайгашкан имараттарга кол салууну мерчемдеп жатышкан эле. (SE)