Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

Ошто Отуз-Адыр жана Жоош айыл өкмөттөрү суу талашууда


Жергиликтүү кабарчыбыздын маалымдашынча, ушул тапта Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн борборуна 500гө чукул эл чогулуп, 15 маршруткага түшүп алып, Кара-Суу районунун акимине барганы жатышат.

Алар 15 жылдан бери таза суусу жок, арыктан суу ичип келгенине нааразы. Таза суу маселесин чечүү үчүн Отуз-Адыр айыл өкмөтү демөөрчү таап, буга чейин Жоош айыл өкмөтү суу алып жүргөн булактан суу тартып келүүнү көздөшкөн. Бирок Жоош айыл өкмөтү суу тартыш болуп калат деген жүйө менен Отуз-Адыр айыл өкмөтүн сотко берген. Отузадырлыктар суу маселесин чечип бербесе, Кара-Суу районунун акимин кызматтан кетирүү талабын коё турганын айтышууда.

Ушул тапта коомдук тартипке 10 чакты милиция кызматкери көз салууда. Алар 30-40 гана киши нааразы болуп чогулганын билдирүүдө. (AzK/YI)

XS
SM
MD
LG