Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

Жалал-Абадда медициналык мекемелерде 165 дарыгер жетишсиз

Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Маматжан Миянов билдирди. Анын айтымында, аймактагы көпчүлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда дарыгерлердин таңсыктыгы жаралып, 10 штаттык бирдикте 5-6 адам иштөөдө.

Бүгүн облустун Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Ушул тапта облустагы 400дөн ашык саламаттыкты сактоо мекемелеринде 1500 дарыгер жана 6 миңден ашык медайым эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG