Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Абактан качкандар Кыргызстанда теракт уюштурууну пландаган


Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жашыруун террордук уюмдун мүчөлөрү делген 1991-жылкы Альберт Абхин жана 1991-жылкы Жанбулат Амиров 2014-2015-жылдары Бишкектин Биринчи май райондук жана Аламүдүн райондук соту тарабынан 346-берене (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү) жана 350-берене (Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, бланктарды даярдоо жана сатуу) боюнча 4 жана 3 жылга соттолушкан.

2015-жылдын апрель айында алар жатак абактан качып чыккан. Алар теракт жасоо максаты менен жүргөн деп болжолдонууда. 26-июнда алардын жүргөн жери аныкталып, кармоо учурунда алардын жанында курал-жарактары, гранаталары бар экени маалым болгон соң, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн кармоо боюнча операциясы токтотулган. Алар качып кетүүгө үлгүргөн.

1-июль күнү качкандардын бири жаңы конуштардын биринде табылып, Альберт Абхин каршылык көрсөтүп жатып, акыры өзүн граната менен жардырып жиберген. Ушул тапта экинчи кылмышкер изделүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG