Бейшенбай Жунусов маңзат каражаттарынын, психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча борборазиялык маалыматтык координациялык борбордун директору болуп дайындалды. Анын талапкерлигин президент Алмазбек Атамбаев сунуштап, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери жактырган.
Буга чейин Бейшенбай Жунусов Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы жана Кыргызстандын Улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда жетекчилик кызматтарды ээлеп келген.
Аталган уюм Борбор Азия мамлекеттеринин, Орусия менен Азербайжандын маңзат бизнесине каршы күрөшүү аракеттерин координациялайт. Уюмдун катчылыгы Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (AzK)