Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Былтыр Кыргызстандан 95 дарыгер чет мамлекетке иштегени кеткен


2014-жылы 1501 дарыгер жана орто билимдүү 4413 адис саламаттыкты сактоо мекемелерине жумушка кирген. Ошол эле учурда 1458 дарыгер жана орто билимдүү 3680 медицина кызматкери жумуштан кеткен. Алардын ичинен 95 доктур жана 251 адис чет мамлекеттерге чыгып кеткен.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринен жумуштан кеткендер Ош, Чүй, Баткен облустарында көп катталууда.

Былтыр өлкө боюнча 13 004 дарыгер жана 32 481 орто билимдүү адис элге медициналык жардам көрсөткөн.

Кыргызстанда 5-июлда медициналык кызматкерлердин күнү белгиленет. Аны утурлай 3-июлда Бишкекте медицина кызматкерлеринин салтанаттуу жыйыны болот. Бул иш-чарада 360 киши «Cаламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси жана 130 мыкты адис Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланат. (AzK)

XS
SM
MD
LG