Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Укук коргоочу “Азаттыкты” колдоп акцияга чыкты


Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына “Азаттык” радиосун колдоп, акцияга чыкты. Ал колуна “Азаттыкты эл угат, кадырлайт”, “Азаттык - чыныгы радио” деген жазуулары бар плакаттарды кармап алган.

Укук коргоочунун айтымында, “Азаттык” радиосунун телепрограммалары эфирден алынуусу менен шайлоо алдында элдин калыс, бейтарап маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Ал мындай аракеттин артында бийлик өкүлдөрүнүн кызыкчылыгы турат деп эсептеп, телепрограммаларды көрсөтүүнү калыбына келтирүүнү талап кылды.

29-июнда Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы эфирге чыгарына эки мүнөт калганда Фейсбуктагы баракчасына мындан ары "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" жана "Азаттык+" программалары Улуттук 1-каналдан прайм-таймдан алынганын жарыялаган. КТРК “Азаттыктын” жетекчилигине бул тууралуу алдын ала эскерткен эмес.

"Ыңгайсыз суроолордун" ал күнкү чыгарылышында мурдагы президент Аскар Акаев менен интервью көрсөтүлмөк.

Буга чейин КТРК “Азаттык” менен келишимди 2005-жылы, 2010-жылы бир тараптуу токтоткон учурлар болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG