Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Сусстагы терактка байланышы бар делген 12 адам камалды


Сусста мерт кеткендердин көбү Британиянын, Германиянын жана Европанын башка өлкөлөрүнүн жарандары болгон.
Сусста мерт кеткендердин көбү Британиянын, Германиянын жана Европанын башка өлкөлөрүнүн жарандары болгон.

Бул тууралуу Тунистин парламенттик мамиле боюнча министри Лазхар Акреми билдирди. Ал камалгандардын көбү Британиянын жарандары экенин кошумчалады. Учурда дагы эки адам изделүүдө. Алар Сусс шаарындагы мейманкананын аймагында ок чыгарган студент менен биргеликте Ливиядагы радикалчылардын лагеринде атайын даярдыктан өтүшкөн.

Дал ушундай эле даярдыктан Тунистеги Бардо музейинде март айында 20 адамдын өмүрүн алган жардырууну уюштурган эки согушкер да өткөнүн Лазер Акреми белгиледи.

Imperiel Marhaba мейманканасынын аймагындагы каргаша 26-июнда болгон. Анда согушкер туш келди чыгарган октон 39 турист мерт кеткен. Террорист полиция кызматкерлери менен болгон атышууда жок кылынган. Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды.

XS
SM
MD
LG