Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун билдиришинче, бүгүн ал Ак үй алдына “Азаттык” радиосуна колдоо көрсөтүп, тынчтык акциясына чыккан кезде үч милиция кызматкери келип, адамдык парасатына шек келтирген сөздөрдү айтып, мазакташкан.
“Алар менден уруксатың барбы, кечээ эле жүрбөдүң беле, үй-жайың барбы, келесоосуңбу?" дегендей менин ички иштериме кийлигишкен туура эмес сөздөрдү айтып, элдин көзүнчө кодулашты. "Америка, сага акча берип койду, канча алдың эле, ким жиберди?" деген суроолорду беришти. Мен унчукпай тура бердим. Ушундай адамдык парасатымды ылдый түшүргөн жаман сөздөр менен мени опузалашты”, - дейт Токтонасыров.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, милиция кызматкери ар бир жаран менен сүйлөшкөндө сылык мамиле кылышы керек. Ал эгер жарандык активист бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк коопсуздук кызматына келип арыз жазса, ал кызматкерлерге карата чара көрүлөрүн билдирди. Этикага байланыштуу 164-буйрук ар бир милиция кызматкерин жарандар менен сылык мамиледе сүйлөшүүгө милдеттендирет. Аны бузгандар жазага тартылат. (AzK)