Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

ИМ тобу Сирияда тарыхый эстеликтерди жок кылды


Палмирадагы тарыхый курулуштар
Палмирадагы тарыхый курулуштар

Аталган экстремисттик топ Пальмира шаарындагы тарыхый жайларда сакталып келаткан кол жазмаларды жана буюмдарды жок кылганын тастыктаган фотосүрөттөрдү интернетке жарыялады. Арасында “Ал лат арстаны” деп аталган белгилүү айкел да бар. Алар эстеликтерди чоң балка менен сындырган. Жоочулардын айтымында, тарыхый буюмдарды аткезчилерден алышкан.

Сириядагы байыркы эстеликтерди сактоочу мекеменин башчысы Маамун Абдилкаримдин айтымында, талкаланган айкелдер мурда белгисиз кишилер тарабынан уурдалган эле.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Пальмираны май айында ээлеп алышкан. Алар буга чейин Иракта, Йеменде, Ливияда бир катар байыркы курулуштарды, мазарларды жок кылышкан. Арасында көбү ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG